Укуктук камсыз кылуу бөлүмү
Укуктук камсыз кылуу бөлүмү
Адистер жана эксперттер билим берүү системасын башкаруу, каржылоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Көрүлдү: 1492

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык билим берүү жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул жылдын 11-августунан 13-августуна чейин Ысык-Көлдө билим берүү системасын башкаруу, каржылоо жана өнүктүрүү маселелерине тиешелүү болгон ченемдик укуктук актыларга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду талкуулоо боюнча жумушчу семинар өткөрдү.

post.title

Семинарга билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын эксперттери катышышты.  

Иш-чара мыйзамдык актыларды Конституциянын жаңы редакциясына шайкеш келтирүүгө, ошондой эле билим берүү жаатындагы мыйзамдык базаны оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө, анын ичинде мүчүлүштүктөрдү, карама-каршылыктарды жана кайталоолорду жоюуга багытталган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар