Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Кыргызстанда жогорку билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тарамдык формаларын өнүктүрүү маселелери талкууланат

Көрүлдү: 1399

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо демартаменти менен биргеликте «Жогорку билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тарамдык формаларын өнүктүрүү» темасында панелдик сессия өткөрүүнү мерчемдеп жатат. Бул иш-чара 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында Евразия экономикалык форумунун аянтчасында өткөрүлөт.

post.title

Сессиянын алкагында:

– Евразия тарамдык университетин түптөө жана ЕАЭБдин алкагында жогорку окуу жайлар аралык консорциумдарды түзүү;

– ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүүнү (окутууну) өнүктүрүү;

– онлайн билим берүү программаларын чогуу иштеп чыгуу жана мамлекеттер аралык аралыктан кесиптик окутуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү;

– эмгек ресурстарын кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелерин;

– ЕАЭБдин укугунун негизинде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнүн келечегин талкуулоо болжолдонууда.

Аталган иш-чарага мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарынын, алдыңкы ЖОЖдордун, Евразия экономикалык биримдигинин илимий жана эксперттик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар