Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ КОРЕЙ ИЛИМ ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ФОНДУ МЕНЕН IT ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШАТ

Көрүлдү: 666

2025-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин орун басары Лира Самыкбаева Корей илим жана чыгармачылык фондунун (KOSAC) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Талкуунун негизги темасы Кыргызстандагы мектептерде илимий-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү жана заманбап IT-чечимдерди билим берүү процессине интеграциялоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын төмөнкүдөй негизги багыттары каралды:
- билим берүү системасына санариптик технологиялар менен жасалма интеллектти киргизүү;
- билим берүүнү санариптик трансформациялоо боюнча тажрыйба алмашуу;

Жолугушууда айрыкча Кыргызстанда 10 пилоттук IT-мектепти түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кадамдарды жана мүмкүн болгон кызматташуу форматтарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, IT тармагында билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар