Эл аралык кызматташтык бөлүмү
Эл аралык кызматташтык бөлүмү
КЫТАЙ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ №95 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНА БАРДЫ

Көрүлдү: 1019

20-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Бишкек шаарындагы №95 мектеп-гимназиясында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңештин Вице-премьери Лю Гочжун башында турган Кытай Эл Республикасынын делегациясынын жолугушуусуна катышты.

post.title

Ошондой эле жолугушууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кытай Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Кытай тилин окуткан мектеп-гимназия Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен курулуп, 2017-жылы пайдаланууга берилген. Азыр мында 2 миң 940 окуучу билим алат. Мектепте кытай тилин эне тили болгон төрт мугалим үйрөтөт. КЭР элчилиги мектепке компьютер, интерактивдүү доскалар жана кытай тили окуу китептерин берди.  

Коноктор мектептин шарттары менен таанышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-Кытай кызматташтыгын бекемдөө багыттарын макулдашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар