Көрүлдү: 1103
Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым менен жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, атап айтканда:
- КЭРдин жогорку окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алуусу үчүн бюджеттик орундарды берүү;
- КЭРдин ЖОЖдорунда окуп жаткан кыргызстандык студенттердин окуусун салттуу форматта улантуусу үчүн Кытайдын аймагына кирүүсү;
- Кыргыз Республикасынын муктаж болгон жалпы билим берүү уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү;
- 1992-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн күндөн тартып 30 жыл өткөнүнө байланыштуу биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар, жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн комплекстүү иш жүргүзүү максатында, бирге иштөөгө даярдыгын билдиришти.