"Илимдин мыктысы” төш белгиси менен илим багыттарын иштеп чыгууда, таанылган илимий мектептерди түзүүдө, илимий кадрларды тарбиялоодо жана даярдоодо сиңирген эмгеги үчүн, илим жаатындагы көрүнүктүү эмгектери, жогорку экономикалык натыйжа берген ойлоп табуулары жана ишке киргизген рационализатордук сунуштары үчүн, ишмердүүлүгүндөгү жаңы ийгиликтери, жетишкендиктери үчүн илим тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланышат.
“Кызматташтык салымы үчүн” медалы менен билим берүү чөйрөсүнө дайыма ар тараптуу колдоо көрсөткөн (мектеп, бала бакча, спорт залдарды салуу, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын оңдоо, жаңыртуу, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу ж.б.), тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары, юридикалык жактары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жигердүү ишмердүүлүгү үчүн сыйланышат.