ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ПРОЕКТТЕРДИ КООРДИНАЦИЯЛОО БӨЛҮМҮ
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдында,
«Окуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында
(Грант № TFOB6138KG)
КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ КЫЗЫКДАР КОМПАНИЯЛАРГА БИЛДИРҮҮ
Консультациялык кызмат көрсөтүү № KG/GPE/CS/CQS-2025-04
4–5 жаштагы балдардын эрте өнүгүүсүн улуттук репрезентативдүү изилдөө
Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банктан «Окуунун негиздерин бекемдөө»
долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоо алган жана бул каражаттын бир бөлүгүн 4–5
жаштагы балдардын эрте өнүгүүсүн улуттук репрезентативдүү изилдөө боюнча
консультациялык кызматтарды сатып алууга жумшоону ниеттенүүдө.
«Окуунун негиздерин бекемдөө» долбоору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү
министрлигинин алдында, консультациялык кызмат көрсөтүүгө кызыкдар болгон укуктуу
консалтингдик компанияларды ("Консультанттарды") кызмат көрсөтүүгө болгон
кызыгуусун билдирүүгө чакырат.
Кызыкдар консультанттар өздөрүнүн кызмат көрсөтүүгө ылайык экендигин жана
тиешелүү тажрыйбага ээ экендигин тастыктаган маалыматтарды бериши керек.
Минималдуу квалификациялык талаптар:
Консультант төмөнкү минималдуу талаптарга жооп бериши зарыл:
1. Компаниянын билим берүү тармагындагы жалпы тажрыйбасы – кеминде 2 жыл;
2. Байкоо форматындагы изилдөөлөрдү даярдоо жана өткөрүү боюнча кеминде 1
окшош долбоор (изилдөөнү иштеп чыгуу, уюштуруу, жүргүзүү, баалоо,
маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо боюнча заманбап ыкмаларды жакшы
билүү);
3. Изилдөөнүн сапаттык жана сандык маалыматтарын талдоо боюнча тастыкталган
тажрыйба (терең маектер, фокус-топтор, сурооломо сурамжылоо, билим берүү
тенденцияларын талдоо);
4. Байкоо форматындагы изилдөө инструменттерин иштеп чыгуу боюнча тажрыйба
(Кыргызстанда, Борбор Азияда же КМШ өлкөлөрүндө иш тажрыйбасы кошумча
артыкчылык болуп саналат).
Кызыкдар консультанттар Дүйнөлүк банктын “Investment Project Financing” (IPF)
алкагындагы карыз алуучулар үчүн сатып алуулар эрежелеринин 3.14-пунктуна көңүл
бурушу керек (“Procurement Regulations for IPF Borrowers”, ноябрь 2020-жыл, төртүнчү
басылышы), анда кызыкчылыктардын кагылышы боюнча саясат түшүндүрүлгөн. Бул
документ төмөнкү шилтемеден жеткиликтүү:
http://pubdocs.worldbank.org/en/178331533065871195/Procurement-Regulations.pdf
Консультантты тандоо Дүйнөлүк банктын сатып алуулар эрежелерине ылайык
“Квалификация боюнча тандоо” (CQS) ыкмасы аркылуу жүргүзүлөт.
Кошумча маалыматты төмөнкү дарек боюнча жумуш убактысында (жергиликтүү
убакыт боюнча 9:00–18:00) алса болот.
Кызыгуу билдирүүсү 2025-жылдын 7-ноябрына чейин, жергиликтүү убакыт боюнча
саат 18:00гө чейин төмөнкү дарекке жеткирилиши керек:
«Окуунун негиздерин бекемдөө» долбоорунун ишке ашыруу бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдында
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспектиси, 22а
Телефон/Факс: +996 (312) 317055
E-mail: gpeprocurement@gmail.com
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики