АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН КУРАМЫНА МҮЧӨЛӨРДҮ КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ КАБЫЛ АЛАТ

22 Сентябрь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамын толуктоо максатында төмөнкү орунга ачык конкурс жарыялайт:

  • коомдук институттардын өкүлү (бир адам).

Катышуучуларга коюлуучу талаптар:

- Кыргыз Республикасынын жараны;

- мамлекеттик тилди билүү;

- жогорку кесиптик билими бар. 

          Иш тажрыйбасы:

  • коомдук институттардын өкүлдөрү үчүн кесиптик уюмдарда же тармактык түзүмдөрдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:

- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучулары;

- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;

- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар киши;

- билим берүү уюмунун жетекчиси.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

- арыз;

- резюме;

- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;

- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.

 

Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде төмөнкү электрондук почта аркылуу 1 документ катары PDF форматта жөнөтөт: edu@mail.gov.kg

Документтер 2025-жылдын 22-сентябрынан тартып кабыл алынат. 

Байланыш телефону: (0312) 66-38-98; 0705155844

Чалуу: Иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00 чейин

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар