Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашыруу бөлүмү котормочу кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
- Тил илими/филология жаатында жогорку билим, котормо таануу жаатындагы билими артыкчылык болуп саналат;
- Эл аралык долбоорлордо кеминде 5 жылдык тажрыйба;
- Котормочу катары иш тажрыйбасы;
- Кыргыз, орус жана англис тилдерин мыкты билүү.
Кызыккан талапкерлер бош кызмат орду көрсөтүлгөн орус жана англис тилдериндеги резюмесин (CV), ошондой эле тиешелүү дипломдордун же күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн 2021-жылдын 11-августу, саат 17:00дөн кечиктирбестен, төмөнкү дарекке жеткирип берүүгө тийиш:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашыруу бөлүмү.
Бишкек шаары, Манас көчөсү 22/а, № 108 кабинет
Тел.: 31-70-55, факс: 31-70-16
Электрондук почта: officeorp@gmail.com
Техникалык тапшырма: /media/uploads/2021/07/29/tor_translator-rus_-08052020-approved.docx