АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН КОНКУРСТУК НЕГИЗДЕ ТАНДАЙТ

14 Июль 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт.

Талапкерлердин арыздарын жана конкурстук документтерди каттоо 2025-жылдын 14-июлунда башталып, 28-июлунда аяктайт.

Конкурстук тандоону Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштуруп, өткөрөт.

Өтүнмөлөр билим берүү уюму кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук почта даректери аркылуу кабыл алынат:

doo.talas@drko.kg
doo.naryn@drko.kg
doo.g.osh@drko.kg
doo.chui@drko.kg
doo.ja@drko.kg
doo.batken@drko.kg
doo.osh@drko.kg
doo.ik@drko.kg
doo.bishkek@drko.kg

Сынактын (квалификациялык тесттин) датасы, орду жана тартиби, ошондой эле документтерди экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыктары тууралуу билдирүүлөр талапкерлерге жиберилет.

ТИРКЕМЕ – Бош кызмат орундарынын тизмеси, арыздын жана макулдук берүүнүн формалары

Кошумча маалыматты Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин төмөнкү телефондору аркылуу алууга болот: 0707 490 0010503 610 1500550 610 150

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар