Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн конкурс

24 Июль 2024 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн төмөнкү орундарга ачык конкурс жарыялайт:

  • билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан 2 өкүл (кесиптик лицейлердин ассоциациясынан 1 өкүл, жогорку окуу жайлардын ассоциацияларынан 1 өкүл);

  • иш берүүчүлөр ассоциацияларынан 3 өкүл;

  • коомдук институттардан 2 өкүл.

Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:

- Кыргыз Республикасынын жараны;

- мамлекеттик тилди билүү;

- жогорку кесиптик билими бар.

Иш тажрыйбасы:

  • билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү үчүн билим берүү чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

  • иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрү үчүн кесиптик уюмдарда же тармактык структураларда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:

- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучусу;

- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;

- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар адам;

- билим берүү уюмунун жетекчиси.

 

Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

Тандоого катышуу үчүн документтер төмөнкүдөй ырааттуулук менен тапшырылышы зарыл:

- арыз;

- резюме;

- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;

- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.

Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде электрондук почталар: edu@mail.gov.kg же minedukg@gmail.com аркылуу жөнөтөт.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 24-июлунан тартып 2024-жылдын 7-августу саат 18.00го чейин.

Байланыш телефону: (0312) 66-22-87; 0-550-247-282

(чалуу 9:00 – 18:00 чейин гана)

(файл)

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри

Д.Ш.Кендирбаевага

кимден _____________________

(аты-жөнү)

байланыш телефону____________

эл.дареги_____________________

 

 

Арыз

 

 

Мени Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин курамын түзүү боюнча өткөрүлүп жаткан конкурстук тандоого катышууга документтеримди кабыл алууңузду суранам.

Документтеримди тапшыруу менен төмөнкүлөрдү тастыктайм:

  • аккредитациялык агенттиктин уюштуруучусу эмесмин;

  • аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу жак эмесмин;

  • аккредитациялык агенттик-тердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелерим жок;

  • билим берүү уюмунун жетекчиси эмесмин;

 

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин билемин.

 

Күнү, айы, жылы Ф.А.А.

 

кол тамгасы

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар