2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь баасы 2,6 млн сомдук окуу эмеректерин жана техникалык жабдууларды Кыргызстандын жалпы билим берүүчү уюмдарына өткөрүп берүү аземине катышты.
Автор: Инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгы
16 Декабрь 2021 ж. 21:19 1451
Азия өнүктүрүү банкы кесиптик техникалык билим берүү системасындагы саясий чараларды аткаруунун натыйжалары боюнча Кыргызстан үчүн 8 млн АКШ доллары суммасында бюджеттик жардам бөлүүнү жактырды.
Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
13 Декабрь 2021 ж. 20:27 1572
2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өнүктүрүү боюнча дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакханы кабыл алды.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
11 Декабрь 2021 ж. 17:20 1709
Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан 9-декабрына чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы болуп өттү.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
9 Декабрь 2021 ж. 20:14 1385
Ушул жылдын 4-5-декабрында Алматы шаарында математика, физика жана информатика мугалимдеринин VIII эл аралык конкурсу өттү.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
9 Декабрь 2021 ж. 19:16 1742
Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешевдин АКШнын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, ЮСАИДдин Кыргызстандагы миссиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кит Симмонс жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Шэйна Крам менен жолугушуусу болду.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
8 Декабрь 2021 ж. 21:45 1590
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата билим берүү тармагында жарыялаган акцияны жыйынтыктоо максатында 2021-жылдын 10-декабрында саат 10.00дө Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында салтанаттуу иш-чара өткөрөт.
Автор: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
8 Декабрь 2021 ж. 17:21 1752
2021-жылдын 1-декабрында ЮНЕСКО жана Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Көп тараптуу донордук шериктештик фонду (UNPRPD) Борбор Азиядагы мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды ачык дистанттык окутууга тартуу максатында экинчи вебинар уюштурушту.
Автор: Кыргыз билим берүү академиясы
3 Декабрь 2021 ж. 15:54 1466
2021-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында мектептерде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Аны Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштуруп, өткөрдү. Тегерек столдо Кыргызстандын мектептеринде инклюзивдик билим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2020-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын таасири талданды.
Автор: Кыргыз билим берүү академиясы
3 Декабрь 2021 ж. 15:50 2416
2021-жылдын 7-8-декабрында Бишкек шаарында “Жаңы муундун окуу китептери: концепция, тажрыйба, рефлексия” аттуу темада алгачкы республикалык илимий-педагогикалык конференция болот. Конференциянын максаты – жаңы муундун окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча адистердин тажрыйба алмашуусу аркылуу Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Декабрь 2021 ж. 12:22 1820
Билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында “Инновациялык педагогикалык технологиялар”, “STEM-билим берүүнүн негиздери жана Инновациялык педагогикалык технологиялар” модулдарынын долбоорлору талкууланды.
Автор: Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
2 Декабрь 2021 ж. 18:13 1648
Бүгүн Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде министрликтин жетекчилиги аталган окуу жайдын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Автор: Борбордук аппарат
1 Декабрь 2021 ж. 22:08 1536
Бүгүн министр Болотбек Купешев Бишкек шаарындагы И.В. Гёте атындагы №23 гимназиянын жетекчилигинин чакыруусу боюнча аталган гимназияга барды.
Автор: Борбордук аппарат
1 Декабрь 2021 ж. 21:12 1445
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун кызматташуусунун алкагында бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик лицейлердин директорлорун “Камкорчу кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча окутуу иши этап-этабы менен жүзөгө ашырылууда.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Ноябрь 2021 ж. 19:48 1522
2021-жылдын 2-декабрынан 5-декабрына чейин 9-11-класстын окуучулары арасында онлайн форматында Укуктук олимпиада өткөрүлөт. Олимпиаданын негизги максаттары – жаштардын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана “Адам жана коом” сабагын окууга түрткү берүү. Олимпиада “Укуктук аймак” долбоорунун алкагында Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
26 Ноябрь 2021 ж. 16:13 2141