АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ БУУнун КАЧКЫНДАР ИШТЕРИ БОЮНЧА ЖОГОРКУ КОМИССАРЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Борбордук аппарат

22 Июнь 2022 ж. 16:37

Көрүлдү: 989

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Ханс Фридрих Шоддер, БУУнун КЖКБнын укуктук маселелер боюнча адиси Эстер Кожахметова жана БУУнун КЖКБнын тышкы байланыштар боюнча адиси Елена Сим менен жолугушту.

post.title

Тараптар Кыргыз Республикасындагы качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушууда 2019-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөдө биринчи болуп качкындарга жана жарандыгы жок адамдарга карата бардык милдеттенмелерин аткарып, жарансыздыктын белгилүү болгон бардык көйгөйлөрүн чечип, мындай көрсөткүчтү 2021-жылы дагы кайталагандыгы белгиленди.

Буга кошумча кийинки жылы качкындар маселелери боюнча глобалдык форум өткөрүү пландалып, ага Кыргыз Республикасы дагы чакырыла тургандыгы айтылды.

Ханс Фридрих Шоддер Кыргызстанда чет элдик студенттердин саны көбөйгөнүн белгиледи. Ошондой эле ал бул жааттагы маселелерди чечүү боюнча милдеттенмелерин аткарууда Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.

Ал эми Алмазбек Бейшеналиев министрлик бардык демилгелерге жана кызматташууга ачык экенин белгилеп, качкындардын глобалдык форумуна катышууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле министр учурда Кыргызстандын ЖОЖдорунда 84 миңге жакын чет элдик студенттер билим алып жатканын, бул Кыргызстан чет элдик жарандардын билим алуусу үчүн позитивдүү өлкө экенинен кабар берерин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар