МИНИСТРЛИК КЕЗЕКТЕГИ КОЛЛЕГИЯСЫН ӨТКӨРДҮ

Автор: Борбордук аппарат

23 Июнь 2022 ж. 20:21

Көрүлдү: 1253

2022-жылдын 23-июнунда министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы болуп өттү.

post.title

Коллегияда Лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Акулова билим берүү программаларын жана билим берүү уюмдарын программалык жана институционалдык аккредитациялоонун жыйынтыктары тууралуу баяндама жасады.

Министр Алмазбек Бейшеналиев билим берүү ишмердигин лицензиялоонун жана аккредитациялоонун шарттарына жана тартибине өзгөртүүлөрдү даярдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Маалымат үчүн:

2022-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 “Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар