80 ОКУУЧУ АРТЫКЧЫЛЫК АТТЕСТАТЫН АЛУУ УКУГУН ТАСТЫКТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Июнь 2022 ж. 12:28

Көрүлдү: 1885

2021-2022-окуу жылында “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алуу укугун ырастады.

post.title

Алар:

  • Баткен облусу -  3 окуучу
  • Бишкек шаары - 37 окуучу
  • Жалал-Абад облусу - 11 окуучу
  • Нарын облусу - 1 окуучу
  • Ош шаары - 3 окуучу
  • Ош облусу - 15 окуучу
  • Талас облусу - 3 окуучу
  • Чүй облусу - 1 окуучу
  • Ысык-Көл облусу - 6 окуучу

Техникалык комиссия кайрылууларды карап чыккандан кийин, 16-июнда аттестациянын жыйынтыгы бекитилди.

 Билим берүү жана илим министрлиги Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборуна быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын механизмдерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси (файл).

/media/uploads/2022/06/20/22_qP4Y2Gn.xlsx

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар