ЭЛ АРАЛЫК ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН ИЛИМИЙ КЕҢЕШИНИН V ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ

Автор: Борбордук аппарат

24 Июнь 2022 ж. 14:51

Көрүлдү: 1221

24-июнда Нур-Султан шаарында Эл аралык Түрк академиясынын Илимий кеңешинин V жыйыны болуп өттү.

post.title

Отурумга Түрк мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Багдат Амреев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Азербайжан, Казакстан билим берүү министрлери жана Казакстан Республикасындагы дипломаттар катышты.

Жыйында академиянын башчысы 2021-жылга отчет берип, 2022-жылдагы пландары менен тааныштырды. Илимий кеңештин мүчөлөрү аткарылган иштерди жогору баалап, академиянын 2022-жылга карата иш планын бекитти.
Кеңештин мүчөлөрү түрк дүйнөсүнүн юбилейлик даталарынын тизмесин, жалпы окуу китептерин, билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү кызматташтыкты, илимий-изилдөө долбоорлорунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. 2022-жылы түрк дүйнөсүнүн маанилүү даталарынын арасында кыргыз мамлекеттик ишмери Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси да бар.

Жыйында «Жалпы түрк тарыхы», «Жалпы түрк адабияты» жана «Түрк дүйнөсүнүн географиясы» окуу китептери боюнча жыйынтыктоочу чечим кабыл алынды. Бир тууган мамлекеттердин билим берүү тармагында кызматташуусун арттырууга багытталган окуу китептери түрк мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде берилген тапшырмаларга ылайык даярдалган. Ушул жылы Нур-Султан шаарында өткөн Илимий кеңеште кабыл алынган протоколго ылайык, тараптар жалпы окуу китептеринин программаларын жана тексттерин бекитип, алардын өз өлкөлөрүнүн орто билим берүү мекемелеринде окутулушун жана студенттер арасында кеңири жайылышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурат.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар