23-ИЮНГА ЧЕЙИН ЖРТнын III ЭТАБЫНА КАТТАЛУУ ЖҮРӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Июнь 2022 ж. 14:33

Көрүлдү: 1123

Жалпы республикалык тесттин III этабына каттоо (ЖРТ) 2022-жылдын 15-июнунан 23-июнуна чейин жүрөт.

post.title

2022-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер каттоодон өтүп, тест тапшыра алат.

Эгерде абитуриент 2022-жылы каттоодон өтүп, бирок, ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо, жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал аталган жерлерден кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер тестке кирүү талонун жана өздүгүн күбөлөндүргөн документин алып келүүгө милдеттүү. 

2022-жылы Жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.

ЖРТнын III этабына каттоо (кайрадан каттоо) төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт: 
• Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында: Тыныстанов көч., 110;
• Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө (Ош шаары, Ленин көчөсү).

Тест 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар