2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында белгилүү мамлекеттик ишмер Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өттү.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
25 Октябрь 2021 ж. 11:17 1165
2021-жылдын 21-22-октябрында Бишкек шаарында Кыргызстандын орус тилинде окутуучу жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун форуму өттү. Форумду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Россотрудничествонун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен биргеликте өткөрдү.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
22 Октябрь 2021 ж. 21:32 1691
Кыргыз Республикасындагы Мерсико, мектеп тамагынын маанилүүлүгүн эске алып, соңку 10 жылдын ичинде башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагын жакшыртууга багытталган программаларды жигердүү колдоп келе жатат. Мак Говерн-Доулдун «Билим берүү үчүн азык-түлүк жана балдар азыгы» эл аралык программасына кошумча катары Мерсико 2016-жылдан тартып 155 элеттик мектепти камтыган «Балдар азыгы үчүн туруктуу мектеп алдындагы мектептер» долбоорун ишке ашырып келүүдө.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
21 Октябрь 2021 ж. 21:30 1483
Кыргыз Республикасы 2025-жылы өтө турган окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына катышууга даярдыкты баштады. Жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнү PISA – 2025ке катышууга даярдоо боюнча тегерек стол өткөрдү.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
21 Октябрь 2021 ж. 18:18 5503
КР Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында сергек жашоо образын калыптандыруу максатында окутуу-тарбиялоо иштерин күчөтүү боюнча № 03-2/1943 нускама-усулдук кат даярдады. Аны менен төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таанышууга болот: https://iite.unesco.org/wp-content/uploads/2021/09/Instruktivnoe-pismo-MON-KR-o-videourokah-o-ZOZH-2021.pdf
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
20 Октябрь 2021 ж. 21:36 2776
Бүгүн, 19-октябрда, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Ош облусунун Кара-Суу районуна барды.
Автор: Борбордук аппарат
19 Октябрь 2021 ж. 22:11 2381
Бүгүн, 19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясында министрлик тарабынан ЮНИСЕФтин колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү боюнча педагогдордун дараметин жогорулатуу максатында иштелип жаткан Окуу паспортунун (мектепке чейинки билим берүү бөлүгү) түзүлүшү жана мазмуну талкууланды.
Автор: Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы (МЧБББ)
19 Октябрь 2021 ж. 19:08 1503
CAMILCon2021 салттуу экинчи тематикалык конференциясы "Медиа сабак: жаратабыз, тартабыз, чечебиз!" деген ураан менен өттү. Конференциянын темасы инфодемия учурунда медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун актуалдуулугун баса белгилейт. Фейк кабарлар жана туура эмес маалымат агымы менен күрөшүүдө эл аралык коомчулук алдында коопсуз маалымат чөйрөсүн түзүү милдети турат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
18 Октябрь 2021 ж. 21:44 2177
2021-жылдын 1-октябрынан тартып АКШнын Айыл чарба департаменти тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы Мерсико уюму тарабынан ишке ашырылуучу балдардын билими жана азыгы үчүн Мак-Говерн-Доулдун жаңы 5 жылдык программасы старт алды.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
18 Октябрь 2021 ж. 21:23 1763
Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө жаңы салынган 225 окуучу орунга ылайыкташкан билим уясы окуучуларга эшигин ачты. Аталган айыл өкмөткө караштуу Жеңижок атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектептин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдор катышышты.
Автор: Борбордук аппарат
18 Октябрь 2021 ж. 16:42 1534
13-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин жыйындар залында Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жарым жетим жана томолой жетим балдарга акыркы үлгүдөгү планшеттер тапшырылды. Иш-чараны “Катар Черити” кайрымдуулук фонду министрлик менен биргеликте уюштурду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
15 Октябрь 2021 ж. 22:53 2263
Билим берүү системасы – насаатчылыктын жана бүтүрүүчүлөрдү – жаш адистерди республиканын мектептеринде иштөө үчүн бөлүштүрүүнүн тарыхый тажрыйбасын колдонууну улантып келе жаткан аз сандагы башкаруу системалардын бири.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
15 Октябрь 2021 ж. 20:44 1247
Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде даярдалуучу Базистик окуу планына ылайык өлкөнүн мектептеринде 22 предмет гана (жалпысынан 1-класстан тартып 11-класска чейин) окутулат.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
15 Октябрь 2021 ж. 20:33 2067
Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк колду жууп-чайкоо күнүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өлкөнүн бардык аймактарындагы 400 мектептин окуучулары үчүн гигиеналык каражаттарды өткөрүп берди.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
15 Октябрь 2021 ж. 20:21 1401
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» (СӨПББСБ) долбоорунун колдоосу менен мектеп китепканачылары үчүн 3 күндүк тренингдердин сериясын баштады. Жалпысынан 1040 китепканачы ушул жылдын октябрь – ноябрь айларында окутулат.
Автор: "Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо"
13 Октябрь 2021 ж. 17:26 1527