Кыргызстанда окутулуп жаткан мектеп предметтеринин саны 16дан ашпайт

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

15 Октябрь 2021 ж. 20:33

Көрүлдү: 961

Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде даярдалуучу Базистик окуу планына ылайык өлкөнүн мектептеринде 22 предмет гана (жалпысынан 1-класстан тартып 11-класска чейин) окутулат.

post.title

Ошол эле учурда, окуучулар 1-класстан 11-класска чейинки предметтердин баарын толугу менен окушпайт: предметтердин кээ бир бөлүгү 1-класстан 4-класска чейин, кээ бири 5 же 7-8-класстарда башталат ж.б.. Ошентип, бир параллелдеги окуучу бир мезгилде окуй турган предметтердин мүмкүн болгон максималдуу саны 16дан ашпайт.

Тактап айтканда:

– 1-класстан 4-класска чейин окуучулар 8 предметти;

– 5-класстан 9-класска чейин 16 предметти;

– 10-класстан 11-класска чейин 15 предметти окушат.

Эгерде 1-11-класстардагы бардык сабактардын суммасын орточо эсептеп, аларды параллелдердин санына бөлсөк, анда кыргызстандык окуучунун орточо сааттык жүктөмү 922 саатты түзөт, бул, биздин мамлекеттин кош тилдүүлүгүн (негизги эки тилдин – мамлекеттик жана расмий тилдердин бар экенин) эске алганда, ашыкча жүктөм болуп саналбайт.

Ошондой эле Кыргызстанда өзбек, тажик жана дунган калкы үчүн эне тилин үйрөнүүгө көңүл бурулганын, ошону менен бирге өзбек жана тажик тилдери гана кошулбастан, боордош элдердин адабиятын окутуу дагы кошулганын эске алуу зарыл.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар