Бишкекте Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өттү

Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы

25 Октябрь 2021 ж. 11:17

Көрүлдү: 649

2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында белгилүү мамлекеттик ишмер Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева катышты.

Конференциянын жүрүшүндө чакырылган коноктор, баяндамачылар жана Т. Балтагуловдун туугандары чыгып сүйлөштү.

Г. Билбаева Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекеттердин катарында болушу үчүн кан-жанын берген инсандарды ар дайым ыраазычылык менен эскерип туруу жана кийинки муундарга үлгү катары даназалай берүү зарыл экенин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар