"Катар Черити" кайрымдуулук фонду 25 балага планшеттерди тапшырды

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Октябрь 2021 ж. 22:53

Көрүлдү: 1533

13-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин жыйындар залында Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жарым жетим жана томолой жетим балдарга акыркы үлгүдөгү планшеттер тапшырылды. Иш-чараны “Катар Черити” кайрымдуулук фонду министрлик менен биргеликте уюштурду.

post.title

Фонддун маалыматы боюнча жакынкы мезгилде ата-эне мээриминен өксүгөн 900 жүздөй кыргызстандык балага жалпы суммасы 13 млн сомду түзгөн планшеттер таркатылат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикада аталган фонддун камкордугуна алынган 10 миңден ашык бала бар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар