Билим берүү жана илим министрлиги жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында коопсуз окутуу чөйрөсүн түзүү, окуучулардын ден соолугун камсыз кылуу жана сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол койду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Апрель 2023 ж. 12:26 2558
Биринчи класска мектепке электрондук каттоо 2023-жылдын 10-апрелинде эрте менен саат 9:00дө башталат.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
3 Апрель 2023 ж. 10:35 10548
Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргызстандын Социологдор коомунун төрагасы, көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер Кусеин Исаев 2023-жылдын 31-мартында узакка созулган оорудан улам 86 жашында дүйнөдөн кайтты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
1 Апрель 2023 ж. 10:12 1088
31-мартта И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Бишкек, Чүй, Талас жана Нарын облустарынан 200дөн ашык окуучу катышкан көп тармактуу “МОСТ” эл аралык олимпиадасы өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
31 Март 2023 ж. 18:07 1180
Бүгүн, 31-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Талас облусундагы Арашан орто мектеби, М.Мамбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби, №4 орто мектеби жана Чалдыбар мектеп-интернатынын абалы менен таанышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
31 Март 2023 ж. 16:48 1188
Бүгүн, 31-мартта Талас мамлекеттик университетинде Талас облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 3 күндүк семинар башталды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
31 Март 2023 ж. 11:43 2979
Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков жана Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Аксы районундагы бир катар билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышышты.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Март 2023 ж. 16:08 1041
30-мартта Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Россия Федерациясынын Президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Антон Рыбаков баштаган Россия Федерациясынын делегациясы менен жолугушту.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Март 2023 ж. 15:29 967
Билим берүү жана илим министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучуларынын атырдын жытына уулануусу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
30 Март 2023 ж. 11:07 877
Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, ЖКнын депутаты Кундузбек Сулайманов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алтынбек Бегалиев менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы мектептерге барды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
29 Март 2023 ж. 15:45 2332
26-мартта волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
29 Март 2023 ж. 12:20 1258
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлду.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
28 Март 2023 ж. 17:47 5482
Бүгүн, 28-мартта жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын жана лабораториялык жабдуулардын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
28 Март 2023 ж. 16:35 2310
Индонезия Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлиги 2023-2024-окуу жылына Дармасисва билим берүү программасына кабыл алууну жарыялайт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
28 Март 2023 ж. 15:51 1232
Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-класстарынын окуучулары арасында ишкердиктин негиздери боюнча олимпиада башталды.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
28 Март 2023 ж. 13:39 1040