“BUSINESS CATS” ИШКЕРДИКТИН НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА ОЛИМПИАДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Март 2023 ж. 13:39

Көрүлдү: 572

Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-класстарынын окуучулары арасында ишкердиктин негиздери боюнча олимпиада башталды.

post.title

Олимпиаданын катышуучулары каттоодон өтүп, «Business Cats» экономикалык стратегиясында – компьютердик оюнда онлайн режимде ойношу керек.

Иш-чара кыргызстандык мектеп окуучуларынын ишкердик жөндөмүн жана бизнес-ой жүгүртүүсун арттырууга, ошондой эле катышуучулардын дараметин ачууга багытталган.

Олимпиада эки этапта өткөрүлөт:

– тандоо баскычы (онлайн) – 2023-жылдын 13-мартынан 8-апрелине чейин.

– жыйынтыктоочу баскыч (күндүзгү, Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинде) – 2023-жылдын 15-апрели.

Олимпиаданы өткөрүүнүн жобосу, ​​катышуу шарттары менен www.businesscats.online. сайтынан тааныша аласыздар. Олимпиадага катышуу бекер.

Жеңүүчүлөргө белектер каралган, ошондой эле финалисттерди даярдаган педагогдор баалуу белектерди алышат.

Олимпиаданын уюштуруучулары – КР Билим берүү жана илим министрлиги жана россиялык «Алабуга» ӨЭА компаниясы.

Катталуу үчүн шилтеме - https://businesscats.online/#rec551640401

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар