МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ БИР КАТАР МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

31 Март 2023 ж. 16:48

Көрүлдү: 749

Бүгүн, 31-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Талас облусундагы Арашан орто мектеби, М.Мамбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби, №4 орто мектеби жана Чалдыбар мектеп-интернатынын абалы менен таанышты.

post.title

Аталган мектептердин жетекчилери менен болгон жолугушууда министр PISA-2025 изилдөөсүнө даярдыкты күчөтүү жана жалпы республикалык тестирлөөнүн көрсөткүчүн көтөрүү боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев билим берүү уюмдарынын эмгек жамааттарын ынтымакка чакырып, заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык биргеликте иш алып баруу учурдун талабы экендигине токтолду.

Министр Арашан жана №4 орто мектептерине 5 даанадан компьютер белекке берди.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар