АТЫРДЫН ЖЫТЫНА УУЛАНГАН ОКУУЧУЛАРДЫН АБАЛЫ ЖАКШЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Март 2023 ж. 11:07

Көрүлдү: 506

Билим берүү жана илим министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучуларынын атырдын жытына уулануусу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

post.title

Сабакта 43 окуучу болгон. Окуя катталган күнү, 29-мартта, бардык окуучулар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, 18 окуучуну 24 саатка текшерүү үчүн ооруканага жаткырып туруу боюнча чечим чыгарылган. Калган окуучулардын ден соолугуна доо кетпегени үчүн үйлөрүнө коё берилген.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, текшерүүгө алынган 18 окуучунун абалы жакшы, учурда жергиликтүү дарыгерлер тарабынан бүгүн аларды кайра үйлөрүнө чыгаруу боюнча консилиум өткөрүлдү. Консилиумдун жыйынтыгы боюнча 13 окуучу бүгүн үйүнө чыгарылып, 5 окуучуну 2 күн (бүгүн-эртең) дарыгерлердин көзөмөлүндө калтырып туруу чечими кабыл алынды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар