МЕКТЕПТЕРДЕ МЫЙЗАМСЫЗ АКЧА ЧОГУЛТУУ ҮЧҮН АЙЫП ПУЛ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ КООМДУК ТАЛКУУГА КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

28 Март 2023 ж. 17:47

Көрүлдү: 2087

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

post.title

Өзгөртүүлөргө айып пул салуу кирет:

- жалпыга жеткиликтүү жана акысыз билим алуу укугун бузуу же чектөө,

- Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезек системасына келгенден кийин баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу,

- Мектеп жашына жеткен 6-7 жаштагы баланы мектепке электрондук каттоо системасында биринчи класска кабыл алууга келгенден кийин жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу,

- Жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилери жана педагогдору тарабынан, анын ичинде коомдук фонддор жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же алар тарабынан окуп жаткандарга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү.

Мыйзам долбоору билим берүү уюмдарынын окуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн иштелип чыккан.

Долбоордун тексти жана талкуу үчүн формасы сайтта - http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/2483

Талкуу 2023-жылдын 26-апрелине чейин жүргүзүлөт.

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

(Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына,

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

27-беренесинин он экинчи абзацында «негизги жалпы» деген сөздөр «мектептеги» деген сөзгө алмаштырылсын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) V-бөлүмүнүн аталышына «саламаттык сактоо,» деген сөздөрдөн кийин «билим берүү» деген сөздөр менен толукталсын;

2) 15-главасынын аталышына «мурасты,» деген сөздөн кийин «билим берүүнү» деген сөздөр менен толукталсын;

Кодексте төмөнкүдөй мазмундагы 109-1, 109-2 жана 109-3-беренелер менен толукталсын:

 «109-1-берене. Билим алуу укугун жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузуу

Билим алуу укугун бузгандыгын же мыйзамсыз чектегендигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгын же мыйзамсыз чектегендигин, же болбосо көрсөтүлгөн укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруунун белгиленген тартибин бузгандыгын билдирген жалпыга жетимдүү жана акысыз билим алуу укугун бузуу же чектөө, -жеке жактарга, кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

109-2-берене. Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү уюмдарында балдарды кабыл алуудан негизсиз баш тартуу

1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына электрондук кезек системасына келгенден кийин баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу, - жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Мектеп жашына жеткен 6-7 жаштагы баланы мектепке электрондук каттоо системасында биринчи класска кабыл алууга келгенден кийин жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуудан негизсиз баш тартуу, -

жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

109-3-берене. Жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу

Жалпы билим берүү уюмдардын жетекчилери жана педагогдору тарабынан, анын ичинде коомдук фонддор жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же алар тарабынан окуп жаткандарга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү, - жеке жактарга, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;

4) 456-беренедеги «109,» деген сандардан кийин «109-1, 109-2, 109-3» деген сандар менен толукталсын.

 

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                      С.Н. Жапаров

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар