МИНИСТРДИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ УЛАНБЕК УСЕКОВ ЖАНА ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТӨРАГАСЫ НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Март 2023 ж. 15:45

Көрүлдү: 1825

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, ЖКнын депутаты Кундузбек Сулайманов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алтынбек Бегалиев менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы мектептерге барды.

post.title

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегация мүчөлөрү Токтогул районунун Бала-Чычкан айылындагы Айылчы Иманбаев атындагы орто мектептин абалы менен таанышышты. Мектепте 46 мугалим эмгектенип, 700дөн ашуун окуучу билим алат. 1990-жылы курулган билим берүү мекемесинин имаратын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, айрыкча жылуулук системасын жаңыртуу зарыл.

Ошондой эле делегация Үч-Терек айылындагы №29 Муктар Нургазиев атындагы орто мектепке дагы барышты.1987-жылы ишке берилген аталган мектеп дагы капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Төрага Нурланбек Шакиев аталган мектептерди жаңылоо маселеси кечиктирилбей каралышы керектигин айтып, тиешелүү жетекчилерге оңдоп-түзөө жумуштарын быйыл баштоо тапшырмасын берди.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар