КМШ ФЕСТИВАЛЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМ II ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Октябрь 2022 ж. 18:29

Көрүлдү: 579

Чүй облусунун И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Медведева Марина Витальевна “Мугалим” номинациясында II даражадагы диплом менен сыйланды.

post.title

Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан келген катышууучулар өздөрүнүн автордук методикасын жана сабактын планын көрсөтүштү.  Жеңүүчүлөр сырттан жана кадимки катышуу баскычтарынын жыйынтыгы боюнча аныкталды.

Сыйлоо КМШга мүчө-мамлекеттердин Билим берүү тармагындагы кызматташтык кеңеши тарабынан өткөрүлүп жаткан “Заманбап билим берүү системасы – келечекке көз чаптыруу” II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын алкагында өттү. КМШга мүчө-мамлекеттердин билим берүү министрлеринин конференциясынын чечими менен съезддер эки жылда бир өткөрүлөт.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар