Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
5 Октябрь 2022 ж. 17:33
Көрүлдү: 561
Эл аралык педагогикалык фестивалдын жеңүүчүлөрү катары Бишкек жана Ош шаарларынын бала бакчаларынын өкүлдөрү Астана шаарында мастер-класс өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде билдирди.
Талантбек Бекташов алар Кыргызстандын алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтып жаткандыгын белгиледи.
“Быйылкы республикалык конкурстун жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын да эмки жылы Эл аралык педагогикалык фестивалынын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү болоруна үмүтүбүз чоң. Баарыңыздарга педагогикалык ишмердүүлүктө ийгиликтерди жана чыгармачылык мамилени каалайм”, - деди Бекташов.
Астана шаарында мастер-класс өткөрүп жаткандар: