САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ МЕНЕН ИННОВАЦИЯЛАРЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Сентябрь 2022 ж. 17:16

Көрүлдү: 992

2022-жылдын 5-6-октябрында «Санариптешүү доорундогу билим берүүнүн стратегиялары менен инновациялары» эл аралык конференциясы өткөрүлөт.

post.title

Иш-чаранын максаты - билим берүүнү санариптештирүү тармагындагы инновациялык стратегиялар боюнча илимий кызматкерлер, эксперттер, мугалимдер жана жетекчилер арасында кесиптик диалогду, пикир жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү.

Конференциянын программасында билим берүү тармагындагы санариптик трансформация, мугалимдердин санариптик компетенцияларын калыптандыруу, билим берүү тармагындагы изилдөөлөр, алдыңкы тажрыйбаларды жана инновацияларды талкуулоо боюнча сессиялар, мугалимдердин жана мектеп жетекчилеринин катышуусунда «Санариптешүү шартарында мугалимдин өзгөрүп жаткан ролу» темасында тегерек стол камтылган. «Санариптик демилгелер галереясында" жана «Санариптик педагогика лабораториясында» жергиликтүү уюмдар санарип билим берүү продуктыларын тартуулашат.

 

Конференциянын программасы жана сессиянын графиги: https://kix.taalimforum.kg/conference-ru

Конференцияга катышуу үчүн каттоо: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSc5IS_0sbRWSJ2VjHNSn17VR1fJLklVYYGFgNoIPsHni1xQlg/viewform?usp=sf_link

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар