БАТКЕН: ЖАРАНДЫК-МЕКЕНЧИЛДИККЕ ТАРБИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК ЧЫКТЫ
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
22 Сентябрь 2022 ж. 15:07
Көрүлдү: 942
Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу максатында “Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө” буйрук чыгарды.
Буйрукка ылайык, төмөнкүлөрдү уюштуруу белгиленди:
- билим берүү уюмдарында - Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларды жана жарандарды эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүү;
- “Кыргызстан Баткенден башталат” темасында дил баяндар сынагы, “Элдердин достугу өлкөнүн күчү” темасында балдар сүрөтүнүн сынагы, “Достук Ритмдери” онлайн флешмобу, “Ар бир үйгө тынчтык” веб-плакаттар сынагын өткөрүү;
- мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн убактылуу жайгашкан жерлерде кошумча сабактарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;
- Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан жарандар менен иштөө үчүн республиканын жогорку жана кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын ичинен психологдорду ишке тартуу.
Буйрук
Бөлүшүңүз