Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
12 Сентябрь 2022 ж. 17:23
Көрүлдү: 576
Кыргыз Республикасынын мектеп, гимназия, лицей жана колледждеринин 10-11-класстарынын окуучулары Эл аралык жаштар олимпиадасы - 2023 катыша алат. Олимпиада 16 предметтик багыт боюнча орус тилинде өтөт.
Жеңүүчүлөр 2023-2024-жылдарга карата "Экономика жогорку мектеби" Улуттук изилдөө университетинин бакалавриат/адистик программалары боюнча окууга талапкер боло алышат. Жеңүүчүлөр окуу акысынын 75% чейин грант алышат.
Катышуу үчүн 2022-жылдын 30-сентябрына чейин olymp.hse.ru/inter сайтына катталуу зарыл. Олимпиада офлайн жана онлайн форматта өтөт. Бишкек шаарында офлайн мелдеш өткөрүү орду жөнүндө маалымат сайтка жайгаштырылат. Шарттары жана эрежелери тууралуу толук маалымат олимпиаданын сайтына жарыяланды.