Надира Джусупбекова түштүк кореялык бизнес-делегациянын өкүлдөрү менен жолугушту

Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү

30 Июль 2021 ж. 17:25

Көрүлдү: 2375

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Мун Сонг Ук мырза башында турган түштүк кореялык бизнес-делегациянын алдыңкы тобу менен жолугушуу өткөрдү.

post.title

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптуу онлайн билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты, ошондой эле пандемия маалындагы эки өлкөдөгү билим берүүдөгү санариптештирүү процесси тууралуу ой бөлүшүштү.

Тараптар бүгүнкү күнгө карата онлайн билим берүү, атап айтканда, видеосабактар форматында жаштарды окутуу жаатында жасалган иш тууралуу тажрыйба бөлүшүштү.    

Ошондой эле, тараптар Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окутуучулар курамынын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Мун Сонг Ук мырза «Корея Телеком» глобалдык бизнес тобунун ишмердүүлүгү, атап айтканда, жалпы билим берүү уюмдары үчүн онлайн платформа түзүү тууралуу жалпы маалымат берди.

Корей тарап Түштүк Кореядагы эпидемиологиялык кырдаал шарттарында онлайн билим берүү жаатындагы маалымат, ошондой эле өздөрү түзгөн онлайн платформа (бул боюнча бүгүнкү күнгө карата окуучуларды окутуу процесси жүрүп жатат) тууралуу айтып өттү.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандын мектептери үчүн онлайн-платформа түзүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар