Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
23 Август 2022 ж. 19:25
Көрүлдү: 558
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын 22-августунда Төлөбек Абдырахмановду Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Жарлыктын негизинде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин буйругу менен 23-августтан тарта КУУнун ректору Канат Садыковду ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Төлөбек Абдырахманов аталган жогорку окуу жайдын ректору болуп дайындалды.