ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО: БИШКЕК ШААРЫНДА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Август 2022 ж. 17:51

Көрүлдү: 3427

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 15-августундагы №1552/1 буйругуна ылайык, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын сынагына документтерди кабыл алуу жарыяланды.

post.title

Бишкек шаары боюнча ваканттык орундардын саны – 62.

Катышуучулар документтеринин электрондук(PDF) форматын 10 жумуш күнүнүн ичинде(27-августка чейин) konkurs.bishkek.2022@gmail.com электрондук дарегине жиберүүгө тийиш. 

Талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт.

Талапкерлерди тандоо 3 нөөмөттө өтөт:

1-смена – 8:00 (80 адам)

2-смена – 11:00 (80 адам)

3-смена – 14:00 (80 адам)

Талапкерлерди каттоо – 7:30

Апелляциянын башталышы – 16:30

Тестирлөө күнү кошумча жарыяланат.

Конкурска байланыштуу суроолор жаралса, төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0505 110 108, 0556 110 107, 0755 112 237, 0778 112 238

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар