Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
11 Август 2022 ж. 14:33
Көрүлдү: 1572
Бүгүн, 11-августта Баткенде компьютердик тестирлөө аяктады.
Тестирлөөгө мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына 147 талапкер катышты.
Ошондой эле тестирлөөгө катталган 2 талапкер сынакка келген жок.
Жыйынтыгында босого баллдан 60 адам өтүп, 87си керектүү упайды топтой албады.
Тестирлөөдө бир талапкер 74% менен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду.
Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 98 ваканттык орун бар болчу.