Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
9 Август 2022 ж. 13:28
Көрүлдү: 732
2022-жылдын 9-августуна карата алынган маалымат боюнча кесиптик лицейлерге эң көп Бишкек шаарынан 2736 абитуриент катталды. Бул “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасына арыз бергендердин жалпы санынын 54,52%ын түзөт.
Алсак, практикалык кесипке ээ болууга Ош облусунан (37,45%), Ысык-Көл облусунан (34,57%) жана Чүй облусунан (33,46%) абитуриенттер чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Эскерте кетсек, абитуриенттердин арыздарын кабыл алуу 2022-жылдын 30-августуна чейин https://2020.edu.gov.kg/npo/ сайтында жүргүзүлөт.