КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ ОКУУЧУ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДАН КОЛО МЕДАЛЬ АЛЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Июль 2022 ж. 17:13

Көрүлдү: 558

2022-жылдын 10-18-июлунда мектеп окуучулары арасындагы химия боюнча 54-Эл аралык олимпиада онлайн режиминде өттү.

post.title

Олимпиадага дүйнөнүн 84 өлкөсүнөн 300дөн ашык мектеп окуучулары катышты. Ар бир өлкөдөн төрттөн бала катышат. Анын ичинде Кыргызстандын 4 мектеп окуучусу бар.

Аталган олимпиадада Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Азамат Саламатов жана Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болушту.

Маалымат үчүн:

Эл аралык химия олимпиадасы 1968-жылдан бери 20 жаштан ашпаган мектеп окуучулары үчүн өткөрүлүп келет. Аталган олимпиаданы Кытай өлкөсү уюштурат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар