ӨЗБЕКСТАНДА МАГИСТРАТУРАГА ОКУУГА ГРАНТТАР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Июль 2022 ж. 11:48

Көрүлдү: 468

Өзбекстан Республикасы ШКУга мүчө мамлекеттерге, анын ичинде Кыргыз Республикасына 2022-2023-окуу жылында “Жибек жолу” Эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде магистратура программасы боюнча окууга гранттык негизде 5 орун берет.

post.title

Документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 1-августунда аяктайт.

Арыз берүүчүлөр документтердин электрондук көчүрмөлөрүн кабыл алуу комиссиясынын http://admissions.univ-silkroad.uz сайтына жүктөөгө тийиш.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар