ЖОЖДОРГО АБИТУРИЕНТТЕРДИ ТАНДООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ГРАФИГИ БЕКИДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Июль 2022 ж. 19:24

Көрүлдү: 733

КР Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти.

post.title

Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоонун:

-       I туру - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;

-       II туру - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;

-       III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;

-       IV туру - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;

-       V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.

Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек.

 

Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта, окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.

 

ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар