БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Июль 2022 ж. 19:00

Көрүлдү: 745

Билим берүү жана илим министрлиги Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектебинин директорлук бош кызмат орунга 2022-жылдын 14-июлуна белгиленген тестирлөө жокко чыгарылгандыгын маалымдайт.

post.title

Себеби, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жана кадрлардын резервин түзүү жөнүндө Убактылуу жобонун 11-пунктунун жана 12-пунктунун 2-абзацына ылайык жана 2022-жылдын 13-июлундагы №1 эксперттик комиссиянын чечиминин негизинде айрым талапкерлер документтерди толук көлөмдө тапшырган эмес.

Аталган жатак-мектебинин директорлук бош кызмат ордуна талапкерлер кайрадан документтерди толук тапшырууга тийиш.

Буга кошумча “Манас интернат-лицейинин директорлук бош кызмат орунга тестирлөөнү өткөрүү мөөнөтү 2022-жылдын 21-июлга жылдырылды. Буга ылайык, аталган жатак-мектеп жана интернат-лицейдин директорлорун тестирлөөдөн өткөрүү бир күндө болмокчу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар