КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯЛОО ЖАНА РЕЙТИНГ АГЕНТТИГИ  ЖОЖдордун АКТИВДҮҮЛҮГҮНҮН 32% ӨСҮШҮН ЖАРЫЯЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Июль 2022 ж. 16:48

Көрүлдү: 1728

Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги  (IAAR)  Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын көз карандысыз рейтингинин — 2022 жыйынтыгын чыгарды. IAAR 261 билим берүү программасынын рейтингин түздү. Бул өткөн мезгилге салыштырмалуу 12% га көп.

post.title

Билим берүү программалары 15 индикатор боюнча бааланып, 4 топко бириктирилген:

- таланттуу студенттердин, окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн жогорку концентрациясы;

- академиялык мобилдүүлүк;

- бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү;

- илимий басылмалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү.

Рейтингдүү билим берүү программаларынын саны боюнча лидерлер:

- Ош мамлекеттик университети,

- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,

- К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети,

- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети,

-Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети,

- Эл аралык инновациялык технологиялар университети.

2022-жылдын көз карандысыз рейтинги көрсөткөндөй, билим берүү программаларынын 92% Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тааныган эл аралык жана Улуттук аккредитациялык агенттиктерде аккредитациядан өткөн. Эл аралык аккредитациядан билим берүү программаларын ийгиликтүү тапшыргандар:

-И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,

-Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети,

- Ош мамлекеттик университети,

- М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети.

Талдоо билим берүү программаларынын сапатын жана актуалдуулугун иш берүүчүлөрдүн канааттануусунун 25% га жогорулагандыгын көрсөттү. Жумушка орношкон бүтүрүүчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 14,5% га өстү. 2021-жылы жумушка орношуунун орточо көрсөткүчү 68,8% ды түзгөн. Иш менен камсыз кылууда эң жогорку көрсөткүчтү – IT техникалык жана педагогикалык адистиктер көрсөттү.

“Академиялык мобилдүүлүк”  көрсөткүчүнө ылайык, позитивдүү динамика байкалат. Бул көрсөткүч 12% га жогорулаган. Академиялык мобилдүүлүк программаларына анын ичинде чет өлкөлүк университеттерге активдүү катышуучулар белгиленди. Алар:

- Ош мамлекеттик университети,

- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы,

- Эл аралык жогорку медицина мектеби,

- К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.

Профессор-окутуучулардын коомдук иштерге активдүү катышуусу 32% га көбөйгөн. Индекстелген журналдар боюнча илимий басылмалардын саны жогорулаган. Бул илимий иштин натыйжаларына жана университеттин изилдөөлөрүнүн натыйжалуулугуна суроо-талапты көрсөтөт:

- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,

- Ош мамлекеттик университети,

- Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети,

- К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети.

Багыттар боюнча 2022-жылы КРнын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтингинин лидерлери:

“Саламаттык сактоо”:

- И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы,

- Ош мамлекеттик университети;

Экономика жана башкаруу:

- М. Рыскулбеков атындагы кыргыз экономикалык университети,

- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети,

- Ош мамлекеттик университети;

Айыл чарба

- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети,

“Педагогикалык билим берүү:

- Ош мамлекеттик университети,

- Ош мамлекеттик педагогикалык университети;

Автоматташтыруу жана башкаруу”:

- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

Эсептөөчү жабдуулар жана маалымат технологиясы”:

- Ош мамлекеттик университети,

- Эл аралык инновациялык технологиялар университети.

Транспорттук жабдуулар жана технология:

- Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети.

Көз карандысыз рейтингдин жыйынтыктарын  www.iaar.agency сайтынан жана Education. Quality Assurance журналынан табууга болот.

Кыргыз Республикасынын университеттеринин рейтинги IAAR тарабынан 5 жыл бою өткөрүлөт. IAAR рейтинг методологиясына ылайык, ЖОЖдор жана көрсөткүчтөрдүн объективдүү толтуруусуна жооптуу болушат. Демек, университеттин рейтингдеги орду толтуруунун толуктугунан жана маалыматтарды киргизүүнүн тууралыгынан көз каранды болот.

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар