"MEDIA STATION 2022” ЖАЙКЫ ЛАГЕРИНДЕ ОКУУЧУЛАР МЕДИА САБАТТУУЛУКТУН НЕГИЗДЕРИН ҮЙРӨНҮШӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Июль 2022 ж. 16:37

Көрүлдү: 618

1-июлдан тарта Ысык-Көлдө “Media Station 2022” лагери старт алды. Ага өлкөнүн бардык аймагынан келген 40 окуучу катышууда.

post.title

Лагердин катышуучулары тогуз күн бою “Онлайн медиа”, “Мультимедиа” жана “Театр” студияларында заманбап-санарип техникаларды колдонуу менен сапаттуу видео тартканды, медиатекст жазганды, чыгармачылык менен маалыматтарды чыпкалоону өздөштүрөт.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте “Медиа Сабак” коомдук уюму тарабынан иштелип чыккан программа боюнча лагердин катышуучулары “Маалыматтык талаа”, “Интернет жана санариптик гигиена”, “Сынчыл ой жүгүртүү”, “Заманбап коомдо ММКнын ролу”, “Сөз эркиндиги жана демократия” жана башка темалар боюнча тажрыйбалуу педагогдордон сабак алат.

Лагердин тренерлери белгилүү актер жана режиссер Болот Тентимишов, Би-Би-Синин журналисти Руфат Эргешов, өлкөнүн окуу жайларында жана мектептеринде медиасабаттуулуктун жайылышына зор салым кошуп келе жаткан Кундуз Жекшен кызы, Ширин Аманбекова, Каныкей Кененсариева, Урмат Каныбеков жана ОшМУнун журналистика кафедрасынын окутуучусу жана журналист Зарина Маматжанова.     

“Media Station 2022 лагеринин катышуучулары медиасабаттуулук боюнча билим алуу менен жайкы эс алууну менен айкалыштырышат.

Лагер “Медиа Сабак” коомдук фонду жана Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Федералдык министрлиги жана DW Akademie Europe and Central Asia каржылык колдоосу менен ишке ашырылып келет..   

Белгилей кетсек, аталган лагерге катышуу үчүн Кыргызстандын бардык аймагынан 9-10-11-класстын окуучуларынан 1800дөн ашуун билдирме келип түшкөн. Лагер 2017-жылдан бери окуучулар үчүн акысыз өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар