“ENACTUS КГУСТА” КОМАНДАСЫ “RACE TO RETHINK PLASTIC IMPACT” СЫНАГЫНЫН ФИНАЛЫНА ЧЫКТЫ

Автор: Борбордук аппарат

24 Июнь 2022 ж. 17:46

Көрүлдү: 506

Бүгүн, 24-июнда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КМКТАУ) “Enactus КГУСТА” командасына “Enactus Kyrgyzstan” кубогун тапшыруу аземи өттү. Кубокту Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу КМКТАУнун ректору Акымбек Абдыкалыковго тапшырды.

post.title

“Enactus КГУСТА” командасы Enactus дүйнөлүк кубогунун “Race To Rethink Plastic Impact” сынагынын финалына чыкты. “Enactus КГУСТА” командасы 15 өлкөдөн келген 91 катышуучунун арасынан финалга өткөн. Мындан сырткары финалга дагы Индиядан 3 команда тандалган.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу команданы ийгилиги менен куттуктап, бул КМКТАУда Startup долбоорлорду өнүктүрүү боюнча потенциал бар экендигинин дагы бир далили экенин белгиледи.

“Enactus КГУСТА” командасы тарабынан сунушталган “ECO TILES-Kadam” долбоору экологияга байланыштуу көйгөйдү чечүүдө абдан актуалдуу. Кыргызстан экологияга багытталган долбоорлордун ичинен алгачкылардан болуп финалга жолдомо алганы абдан кубандырат. Enactus КГУСТАнын ийгилиги баарыбыз үчүн чоң жетишкендик. Бул ийгиликти университеттин жетекчилигинин колдоосунун көрсөткүчү катары бааласа болот”, - деди Расул Абазбек уулу.

Ал эми “Enactus Кыргызстан” коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова  “Enactus КГУСТА” командасына Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүү үчүн чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн билдирди. 

Белгилей кетсек, “Enactus КГУСТА” командасы Евразия алкагында экология багыты боюнча финалга фолдомо алган алгачкы команда. Сынактын финалдык туру октябрь айында Пуэрто-Рикодо өтөт. 

 

“ECO TILES-Kadam” долбоору тууралуу маалымат:

Сунушталып жаткан “ECO TILES-Kadam” долбоору кумду колдонуп,желимди кайра иштетүү ыкмасы менен брусчаткаларды чыгарууга багытталган. Долбоордун максаты – Бишкекте желимден (30%) жана кумдан (70%) кумдуу полимер плиткаларын өндүрүүнүн эсебинен айланма цикл экономикасын өнүктүрүү. Тактап айтканда, команда 72 килограмм пластикти кайра иштетип, 210 килограмм цементти үнөмдөдү, СО2 чыгарылышын 75 килограммга кыскартты, киреше алууну 60% га көбөйттү жана таштандыларды 220 кубометрге кыскартты. 11 чарчы метр брусчатка Калыс-Ордо ж/к № 86 жалпы билим берүү мектебинин аянтчасына төшөлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар