БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ KRJCнын БИРГЕЛЕШКЕН КООРДИНАЦИЯЛЫК КОМИТЕТИНИН КУРАМЫНА КИРЕТ

Автор: Борбордук аппарат

1 Июнь 2022 ж. 18:43

Көрүлдү: 654

Бүгүн, 1-июнда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборунун (KRJC) жапон тараптын тең директору, JICA долбоорунун башкы кеңешчиси Атсуму Ивай жана кыргыз тараптан KRJCнын тең директору Алмазбек Азимов менен жолугушту.

post.title

Кыргыз-Жапон адамзаттык өнүгүү борборунун өкүлдөрү ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, максаттары, атап айтканда2020-жылдан тарта «Жапонияда окуу» казак-кыргыз жарманкесин онлайн өткөрүү тууралуу айтып беришти.

Тараптар Кыргыз-Жапон адамзаттык өнүгүү борборунун биргелешкен координациялык комитетинин жыйынын өткөрүү планын талкуулап, комитеттин курамына кыргыз тараптан Расул Абазбек уулун киргизүүнү сунушташты. Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу сунушту кабыл алды.

Маалымат үчүн:

Кыргыз-Жапон адамзаттык өнүгүү борбору 1995-жылы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түзүлгөн, JICA Жапон фонду менен узак мөөнөттүү кызматташтык жүргүзүп келет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар