Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
9 Сентябрь 2026 ж. 14:06
Көрүлдү: 731
PISA-2025 жөнүндө сөз кылганда, кеп бир гана эл аралык изилдөө тууралуу эмес. Бул — Кыргызстандын билим берүү системасынын 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтыктарынан тартып, 2025-жылдагы жаңы циклине чейинки дээрлик жыйырма жылдык жолун баалоого мүмкүнчүлүк.
Ал кезде он беш жаштагы окуучулардын көпчүлүгү функционалдык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жете алган эмес. Бирок PISA биз үчүн жөн гана эл аралык рейтинг эмес, системаны диагностикалоонун куралы болуп, принципиалдуу суроону койду: балдарыбыз мектептен алган билимдерин тааныш эмес турмуштук кырдаалдарда колдоно алышабы?
Он беш жыл ичинде эмнелер өзгөрдү?
Биринчиден — өзүнчө демилгелерден ырааттуу мамлекеттик саясатка өтүү. Билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2012–2020-жылдарга карата стратегиясы, андан кийин Билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2021–2040-жылдарга карата программасы системаны өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багыттарын аныктады. Бул мезгилдеги негизги тыянак: туруктуу натыйжаны өзүнчө бир чара эмес, система камсыз кылат.
Экинчиден — ресурстарды эсепке алуудан баланын натыйжасын баалоого өтүү. Билим берүүнүн сапатын баалоонун улуттук системасы жана маалыматтар менен иштөө маданияты өнүктүрүлдү. Программанын аткарылышы гана эмес, биринчи кезекте бала эмнени үйрөндү, эмнени жасай алат жана билим берүүдөгү кандай жетишпестиктерди жоюу керек деген маселелер көңүл борборуна чыкты.
Үчүнчүдөн — жаттап алуудан билимди колдонууга өтүү. Мамлекеттик билим берүү стандарттары, программалар жана баалоо ыкмалары жаңыртылды. Билим негиз бойдон калат, бирок маалыматты талдоо, жүйөлүү пикир билдирүү, жыйынтык чыгаруу жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмдөрү барган сайын маанилүү болууда.
Ошол эле учурда жаңы стандарт өзүнөн-өзү сабакты өзгөртпөйт. Ошондуктан өзгөрүүлөрдүн борбордук фигурасы мугалим бойдон калууда. Педагогдордун кесиптик өнүгүүсү, компетенттүүлүккө негизделген окутууну жана калыптандыруучу баалоону киргизүү, окуу, математикалык, табигый-илимий жана санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Төртүнчүдөн — мектепке чейинки жана мектепке даярдоону өнүктүрүү. Балдарды эрте өнүктүрүү, мектепке даярдоо программалары жана мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдүү формалары кеңейтилди. Бул өзгөчө маанилүү, анткени он беш жаштагы окуучунун билим алуудагы натыйжалары анын PISA изилдөөсүнө катышуусунан кыйла мурда калыптана баштайт.
Бешинчиден — билим берүү ресурстарын жана башкаруу системасын жаңылоо. Окуу материалдары жаңыртылып, санариптик билим берүү чөйрөсү өнүктүрүлдү, каржылоо, мектептик пландаштыруу жана башкаруу механизмдери өркүндөтүлдү. Пандемия санариптештирүүнү тездетүү менен бирге санариптик теңсиздикти азайтуунун жана технологияларды окутууда сапаттуу пайдалануунун зарылдыгын көрсөттү.
Баалоонун улуттук системасы да өнүктүрүлдү. «Баалоо» программасы билим берүүдөгү жетишпестиктерди аныктоого мүмкүндүк берип, маанилүү башкаруучулук логиканы бекемдеди: өлчөө → талдоо → чечим кабыл алуу → практиканы өзгөртүү → кайрадан өлчөө.
PISA-2025 изилдөөсүнүн алдында функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча иштер күчөтүлдү. Мында негизги максат балдарды «PISA тапшырууга» үйрөтүү эмес, изилдөөнүн ыкмаларын окутуунун мазмунун жана практикасын өркүндөтүү үчүн колдонуу болду.
Бул өзгөрүүлөр эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылды. Бирок эл аралык кызматташтык улуттук билим берүү саясатын алмаштырбастан, аны толуктай турганын белгилөө өтө маанилүү. Мамлекет артыкчылыктуу багыттарды аныктайт, ал эми өнөктөштөр эксперттик колдоо көрсөтүүгө, ресурстарды тартууга жана натыйжалуу чечимдерди кеңири жайылтууга көмөктөшөт.
Жыйынтыктар эмнени көрсөттү?
Бүгүнкү күндө PISA изилдөөсүнүн үч багыты боюнча тең оң динамика байкалууда. 2009-жылга салыштырмалуу окуу сабаттуулугу боюнча көрсөткүч 30 баллга, математика жана табигый илимдер боюнча 33 баллга өстү. Ал эми 2006-жылга салыштырмалуу өсүш тиешелүүлүгүнө жараша 59, 53 жана 41 баллды түздү.
Бул өнүгүү багыты өзгөргөнүн көрсөтөт.
Табигый-илимий сабаттуулук боюнча базалык деңгээлге жеткен окуучулардын үлүшү 2006-жылдагы 13,6 пайыздан 2025-жылы 23,4 пайызга чейин өстү. Ошол эле учурда эң төмөн жыйынтык көрсөткөн окуучулардын үлүшү кыйла кыскарды. Демек, өзгөрүүлөр орточо баллда гана эмес, окуучулардын компетенттүүлүк деңгээлдери боюнча бөлүштүрүлүшүндө да байкалууда.
Ошол эле учурда жыйынтыктар алдыда аткарыла турган милдеттердин масштабын көрсөттү. Окуучулардын олуттуу бөлүгү дагы деле функционалдык сабаттуулуктун базалык деңгээлине жетпей жатат. Шаардык жана айылдык, мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин, ошондой эле ар кандай социалдык-экономикалык шарттагы окуучулардын ортосунда айырмачылыктар сакталууда.
Ошондуктан кийинки этап орточо көрсөткүчтү жогорулатууга гана эмес, билим берүүдөгү теңсиздикти кыскартууга да багытталышы керек.
PISA изилдөөсүнүн маалыматтары мектептеги чөйрөнүн, үй-бүлө менен мугалимдин колдоосунун, окуучунун мотивациясынын жана өжөрлүгүнүн маанилүү экенин да көрсөттү. Ал эми буллинг, сабактарды калтыруу жана жагымсыз мектеп климаты төмөн көрсөткүчтөр менен байланыштуу. Бул билим берүүнүн сапаты сабак учурунда гана калыптанбай турганын билдирет. Ал баланы курчап турган жалпы чөйрөгө да көз каранды.
Кийинки этап — «Алтын Казык»
Бул жерде так айырмалоо маанилүү: «Алтын Казык» программасы PISA-2025тин жыйынтыктарынын себеби болуп саналбайт. Изилдөөгө катышкан окуучулар билим алуу жолунун негизги бөлүгүн программанын алкагындагы маанилүү өзгөрүүлөр башталганга чейин өтүшкөн.
Ошондуктан PISA-2025 мурунку жылдарда топтолгон өзгөрүүлөрдү чагылдырат жана реформалардын жаңы этабы үчүн кийинки мониторингдин баштапкы чекити болуп саналат.
Он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү — окуунун мөөнөтүн гана өзгөртүү эмес. Ал билим берүү траекториясын толугу менен жаңылоону камтыйт: стандарттарды, программаларды, окуу материалдарын, окутуу ыкмаларын, педагогдорду даярдоо системасын, мектепке чейинки билим берүүнү, санариптик чөйрөнү жана башкарууну.
Бул өзгөрүүлөрдүн натыйжалуулугу биринчи кезекте баланын жыйынтыгы боюнча бааланышы керек: базалык деңгээлге жетпеген окуучулардын үлүшү кыскарып жатабы, мектептер менен социалдык топтордун ортосундагы ажырым азайып жатабы, окутуу практикасы өзгөрүп, билим берүүнүн сапаты жогорулап жатабы?
Жыйынтык
Басып өткөн жолду жалпылай турган болсок, негизги беш өзгөрүүнү белгилөөгө болот:
ресурстардан — натыйжаларга;
жаттап алуудан — билимди колдонууга;
баа коюудан — диагностикалоого;
документтерди өзгөртүүдөн — окутуу практикасын өзгөртүүгө;
рейтингден — маалыматтарга негизделген саясатка.
Билим берүүнүн натыйжасын кыска убакыттын ичинде өзгөртүү мүмкүн эмес. Он беш жаштагы окуучунун көрсөткүчү — көп жылдык билим алуунун, өнүгүүнүн жана билим берүү чөйрөсүнүн таасиринин натыйжасы. Ошондуктан туруктуу өзгөрүүлөр ырааттуу мамлекеттик саясатты, кесипкөй мугалимди, натыйжалуу башкарууну жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү талап кылат.
PISA-2025 Кыргызстан үчүн жыйынтыктоочу чек эмес, жаңы баштапкы чекит. Кийинки милдет — орточо көрсөткүчтөгү оң динамиканы билим берүүнүн жалпы сапатына айландыруу, мектептердин ортосундагы айырмачылыктарды кыскартуу жана ар бир балага жашаган жерине, социалдык-экономикалык шартына, окутуу тилине жана мектептин түрүнө карабастан сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Кийинки этаптын башкы принциби жөнөкөй: маалыматтар иш-аракетке алып келиши керек.
Маалыматтар → талдоо → чечим → практиканы өзгөртүү → кайрадан өлчөө.
Дал ушундай башкаруу маданияты өзгөрүүлөрдү каттоого гана эмес, билим берүүнүн сапатын ырааттуу жогорулатууга да мүмкүндүк берет.