БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ: ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ ЖОБО БЕКИДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Май 2022 ж. 17:20

Көрүлдү: 2611

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, ведомстволук сыйлыктар жөнүндө жобо бекитилди. Бул жобо министрликтин ведомстволук сыйлыктарынын түрүн, алардын укуктук статусун, ошондой эле сыйлыктарга көрсөтүүнүн жана сыйлоонун тартибин аныктайт.

post.title

Министрликтин ведомстволук сыйлыктары болуп Ардак грамотасы, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, “Илимдин мыктысы” төш белгиси, “Кызматташтык салымы үчүн”  медалы саналат.  

Билим берүү жана илим министрлигинин  ведомстволук сыйлыктарын  ыйгаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндө маанилүү жеке салым кошкон адамдардын сиңирген эмгегин баалоонун, таануунун, дем берүүнүн формасы болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилери, “Кызматташтык салымы үчүн” медалы,  Ардак грамота ведомстволук сыйлыктардын аталыштары мамлекеттик тилде жазылат.

 

Шилтеме:

Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары жөнүндө Жобо ►
/media/uploads/2022/05/27/1_mzRzbs2.pdf
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар