Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
31 Июль 2026 ж. 17:08
Көрүлдү: 299
2026-жылдын 17-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жана эл аралык Teach For All тармагынын мүчөсү болгон «Заманбап Мугалим» программасынын биринчи бүтүрүү аземи өттү.
Программаны 25 жаратман ийгиликтүү аяктады. Алар эки жыл бою Чүй облусундагы 12 мектепте эмгектенип, сабак берүү менен катар окуучулар менен бирге билим берүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашырышты, ата-энелер жана жергиликтүү жамааттар менен иш алып барышты. Ошондой эле Борбордук Азиянын Эл аралык университетинин «Өзгөрүүлөр шартындагы педагогика» магистрлик программасында билим алышты.
Эки жыл ичинде биринчи агымдын катышуучулары 8 000ден ашуун окуучуну камтып, окуучулар менен бирге экологиялык демилгелерди ишке ашырышты, медиа жана чыгармачыл клубдарды түзүштү, мектеп фестивалдарын уюштурушту, кыска метраждуу тасмаларды жана мультфильмдерди жаратышты, ошондой эле мектеп жамааттарын өнүктүрүүгө багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашырышты.
Мектептердеги ишмердүүлүк менен катар жаратмандар Борбордук Азиянын Эл аралык университетинде магистрлик программадан билим алышты. Алардын изилдөөлөрү билим берүүдөгү актуалдуу маселелерге, анын ичинде жасалма интеллектти окутууда колдонуу, окуучулардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана окууга болгон мотивацияны жогорулатуу темаларына арналды.
Бул бүтүрүү аземи «Заманбап Мугалим» программасынын биринчи циклинин жыйынтыгы болду.