МИНИСТР АВСТРИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕРДИ МЕКЕНГЕ ИШТӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)

11 Апрель 2026 ж. 23:00

Көрүлдү: 158

Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австрия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында 11-апрелде Австрияда эмгектенип жүргөн кыргызстандык мекендештер менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда министр мекендештердин балдарын кыргыз тилине окутуу боюнча сунуш-пикирлерин угуп, бул багытта кызматташууну күчөтүүнү сүйлөштү.

Белгилей кетсек министр мекендештердин балдарына кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири болгон чүкөнү белек кылды.

Андан соң IT тармагында эмгектенген 2024-жылы «Эл үмүтү» президенттик стипендиясынын ээси, Вена техникалык университетинин докторанты, кванттык информатика тармагында изилдөө жүргүзүп жаткан Мээржан Канатбекова жана Австриядагы диаспоранын жетекчиси ошондой эле HDI камсыздандыруу компаниясында программист болуп иштеген Мээрим Аттокур менен жолугушту.

Жолугушуунун максаты — мекендештердин дараметин Кыргызстандагы билим берүү системасына тартуу болду.

Министр Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда жана онлайн мектептерде онлайн жана офлайн форматта сабак өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар Кыргызстандагы окуучулар үчүн онлайн сабактарды өтүүгө жана билим берүү системасына өз салымын кошууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында бир катар иштерди биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар