Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
11 Апрель 2026 ж. 10:53
Көрүлдү: 159
Бүгүн, 11-апрелде, Агартуу министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында кызматкерлер министрликтин аймагын тазалап, айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү иштерине активдүү салым кошушту.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандырууну өнүктүрүүгө багытталган эки айлыктын алкагында өткөрүлүп жатат.